Чоңдор үчүн упчу дүйнөдө тренд болууда

02.12.2025 | 15:34

Чоңдор упчуну колдонгон тренд алгач Кытайда пайда болуп, бат эле дүйнөгө жайылып кетти. Адамдар ымыркайларга арналган упчуну стрессти, тынчсызданууну жана эмоционалдык чарчоону азайтуунун бир жолу катары колдонуп, барган сайын көптөгөн соцтармак колдонуучулары бул ыкма аларга тынчтанууга, жакшыраак уктоого же атүгүл тамекини таштоого жардам берип жатканын жазышууда.

Кытайдын онлайн-платформаларында чоңдор үчүн атайын жасалган упчуларды активдүү жарнамалаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн көптөгөн сунуштары пайда болду. Мындай буюмдардын баасы 1,40 доллардан (122 сом) 70 долларга чейин (6 миң сомдон ашык) болууда. Бул болсо ассортименттин кеңдигин, жөнөкөй базалык моделдерден тартып кымбатыраак, жакшыртылган жана брендделген варианттарга чейин бар экенин көрсөтүп турат.

Психологдор бул көрүнүштүн популярдуулугун регрессиянын бир формасы катары, башкача айтканда, бала чактагы өзүн-өзү тынчтандыруунун жөнөкөй механизмдерине кайтуу деп түшүндүрүшөт. Бирок бул тренддин дагы бир нече мааниге пайда болууда:

Каршы чыгуунун символу
Айрым зумерлер үчүн упчу жумуштун басымынан, милдеттүү деп эсептелген карьералык стандарттардан баш тартуунун белгисине айланды. Бул — жашоонун жай, пассивдүү ритмин тандап алуу.

Тынчтандыруу каражаты
Көп колдонуучулар упчуну тынчсыздануудан арылуу, эмоцияларды тынчтандыруу үчүн колдонушууда.

Уктоого жардам
Айрым чоңдор упчу эс алдырып, уктоого жардам берерин белгилешүүдө.

Тамекинин ордуна
Кээ бирлер үчүн упчу тамекини азайтуунун же таптакыр таштоонун бир жолу болууда.

Жайлуулук сезими
Колдонуучулардын көбү упчуну соруу коопсуздук жана психологиялык жайлуулук сезимин алып келерин айтышат.

Адистер белгилешкендей, бул тренддин дүйнө жүзүндө кеңири жайылышы жана Кытайда мындай товарлардын активдүү чыгарылышы чоңдор арасындагы стресстин жогорку деңгээлин көрсөтүп, коом эмоционалдык эс алуунун жаңы, кээде күтүлбөгөн жолдорун издеп жатканын айкын көрсөтүп турат.

Scroll to Top