16 күн мурун Кочкор районунда Чу дарыясына түшүп кеткен 7 жашар бала дагы деле табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-август күнү Кочкор районунун Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы төрөлгөн бала чөгүп кеткен.
Аны издөөгө 12 куткаруучу тартылып, 16 күндөн бери издөө иштери жүрүүдө.
Бирок издөө натыйжасыз болуп, бала дале табыла элек.
Издөө иштери бүгүн дагы улантылат.