Аба ырайы бузулуп, ашууларда муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-майдан 3-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларда муз тоңуусу күтүлөт.
“Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-135 Чүй облусунун Жайыл районунун , Төө-Ашуу ашуусунун -198-246 , Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ала-Бел ашуусундагы Чычкан капчыгайынын, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 199-215, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун , Каракысмак капчыгайынын, Кара-Буура ашуусунда, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 161-179 , жана Ош облусунун Алай районунун, Талдык ашуусунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун, Чоң-Ашуусунда муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл”, — деп кабарлашты ӨКМдан.