Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче Кыргызстанда 8-августтан 10-августка чейин аба ырайы бузулуп, нөшөрлөп жамгыр жаайт. Мындан улам республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сактанууга чакырат.