ИИМ: Жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү жаран изделүүдөТИМ БАЭде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштадыИзраил менен АКШнын Иранга чабуулу: эл аралык мыйзамдар алсырап, дүйнө кооптуу доорго кирип жатабы?Визуалдык тартип бул капитал: Борбор Азиянын шаарларына дизайн-код эмне үчүн керек?Ошто эски «Келечек» базары жабылып, соодагерлерди көчүрүү башталдыЧукул кабар: Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар
Чукул кабар: Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар
02.03.2026 | 09:51

2-5-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кар көчкү коркунучу бар жол тилкелери:
- Бишкек-Ош: 121-138-чакырымдар (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдар (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алакуу: 55-115-чакырымдар;
- Ала-Бука-Каныш-Кыя: 45-112-чакырымдар (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка-Акташ: 0-3-чакырымдар;
- Бишкек-Нарын-Торугарт: 292-305-чакырымдар (Долон ашуусу);
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад: 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдар (Көк-Арт ашуусу);
- Каракол-Эңилчек: 45-90-чакырымдар (Чоң-Ашуу ашуусу).
Министрлик жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, мындан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарыл экенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом