15-16-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
ӨКМ арыктарды, сел каналдарын тазалап, кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын эскертти. Ал эми жарандарга тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болууну сунуштады.