Подпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташты
«Чуңкурчак» тоо лыжа базасынын жанындагы жол кырсыгынан жети жаштагы бала каза болду
11.01.2026 | 14:04
«Чуңкурчак» тоо лыжа базасынын аймагында каргашалуу жол кырсыгы катталды. Алдын ала маалымат боюнча, BMW X7 үлгүсүндөгү унаа ийри-буйру жолдон (серпантин) чыгып кетип, жарга кулаган.
Кырсыктын кесепетинен жети жаштагы бала каза болду. Айдоочу оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда, окуя болгон жерде укук коргоо органдары жана адистер иштеп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом