Чуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салынды

03.04.2026 | 17:13

Чуңкурчак эс алуу зонасында жапайы түлкүнү аткан жарандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй облустук милиициясы кабарлады.

Эске салсак, Фейсбук соцтармагында бир нече эркек киши унаанын ичинен жапайы жаныбарга ок атышканы тартылган видео жарыяланган. Кийин милиция бул окуяга катыштыгы бар 25 жаштардагы Т.Ж. жана М.А., 23 жаштагы К.Т. ошондой эле 26 жаштагы К.Э. аттуу жарандарды аныктаган.

Тергөөнүн маалыматында, 26-мартта аталган жарандар Чуңкурчак эс алууга барып, алардын тамак-ашын жей баштаган түлкүнү пневматикалык курал менен атышкан. Пневматикалык курал алардын таанышына таандык экени жана эс алуу учурунда бөтөлкөлөргө атуу үчүн алынганы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бул ишке тиешеси бар жарандар Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ошондой эле курал алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.

Жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесинин негизинде 25 жаштагы М.А. жана 23 жашатгы К.Т. аттуу жарандарга айып пул салынган. Мындан тышкары, аталган жарандар профилактикалык иштер жүргүзүлгөн.

Scroll to Top