Чүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Чүй облусунун сот органдарындагы кылмыштуу схеманы ашкереледи. Тергөөнүн маалыматы боюнча, сот кызматкерлери жумшак өкүм чыгарып берүүнү убада кылып, ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып келишкен.
Тергөөдө аныкталгандай, Чүй облустук сотунун улук катчысы (А.Ж.Б.) кызматтык абалынан пайдаланып, Т.М.Т. аттуу жарандан 26 миң АКШ долларын алган. Анын ордуна ал эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган соттук чечим чыгарууга көмөктөшүүнү убада кылган. Бирок жыйынтыгында маселе акча төлөгөн тараптын пайдасына чечилген эмес.
УКМК кызматкерлери катчыны алынган акчанын бир бөлүгүн — 651 миң сомду жана 2 800 АКШ долларын кайтарып берип жаткан учурда кармашты. Шектүү учурда УКМКнын тергөө абагына (СИЗО) киргизилди.
Андан аркы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө бул схемага башка адамдардын да тиешеси бар экендиги аныкталды:
- Аламүдүн райондук сотунун судьясы (Ж.Ш.Б.). Ал 85 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатынын бир бөлүгүн кайтарып берип жаткан учурда кылмыш үстүнөн кармалды.
- Жаран К.А.А., ал дагы аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар деп шектелүүдө.
Учурда УКМК ыкчам иш-чараларды улантууда. Атайын кызматтар республиканын сот тутумунун башка кызматкерлеринин бул коррупциялык схемага катыштыгы бар-жогун текшерүүдө. Иштин бардык жагдайларын изилдөө иштери уланууда.