Чүй облусунда жаран баңгизат сатууга шектелип кармалды

14.10.2025 | 11:33

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан баңгизат сатууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук ИИББдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына «Р» аттуу эркек жана анын айланасындагы адамдар Ысык-Ата районунун аймагында гашиш жана марихуана алып келип, сатуу боюнча туруктуу канал түзүшкөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал 60 жаштагы С.А. экени белгилүү болгон. Анын үйүн тинтүү учурунда 158,3 грамм гашиш салынган баштык табылган. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top