Чүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
Чүй облусунун жети мектебинин 5–8-класстагы 100дөн ашык окуучусу Кыргызстандагы эң ири «Евразия» үй-бүлөлүк эс алуу паркына барышты. Сапарды «Евразия Кыргызстан» регионалдык кеңсеси уюштурду. Окуучулар жаңы мектеп автобустары менен келишти, алар АНО «Евразия» тарабынан «Евразия лицейи» программасынын алкагында берилген.
Сапардын негизги максаты — активдүү жана таланттуу окуучуларды шыктандыруу, ошондой эле аймактын ар кайсы бурчтарынан келген мектеп окуучуларынын тажрыйба алмашуусуна жана достук байланышын бекемдөөгө шарт түзүү.
Балдар аттракциондорго отуруп, цирк көрсөтүүлөрүн көрүп, эс алып, эркин баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Көпчүлүк үчүн бул биринчи жолу уюштурулган мындай сапар болуп, жаңы таасирлерди жана яркы эмоцияларды тартуулады.
Бул долбоор фонддун билим берүү жана активдүү жаштарды колдоо иш-чараларынын бир бөлүгү болуп саналат. «Евразия Кыргызстан» уюму мындай иш-чаралар окуучулардын социалдык активдүүлүгүн, демилгечилигин жана команда менен иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө, ошондой эле аймактагы билим берүү мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жардам берерин белгиледи.
Фонд келечекте Чүй облусу гана эмес, бүт Кыргызстан боюнча окуучулар үчүн окуу, баарлашуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү программаларын улантарын кошумчалады.