Чүйдө аялын сабап, өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда аялын сабап, өлтүрүүгө шектелип 56 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-декабрь күнү милиция бөлүмүнө аталган райондун Арал айылындагы үйлөрдүн биринен 47 жаштагы К.Е. атту жаран каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, К.Е.нин өлүмүнө жабык баш мээсинин жаракаты, мээнин жаракат алышы жана баштын чачы чыккан бөлүгүндө соккудан пайда болгон жаракаттар себеп болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда маркум күйөөсү Е.Н. тарабынан сабалган, алар ага чейин бирге спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталган. Мындан улам ал шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары улантылууда.