Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында “Чүй агроөнөр жай аймагынын” негизделишине капсула салуу аземи болуп өттү. Аземге мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, инвесторлордун делегациялары, чет элдик өнөктөштөр жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул туралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Садыр Жапаров тапшырмасы менен “Кыргыз Агрохолдинг” АККы тарабынан ишке ашырылууда.
Иш-чарада долбоорду андан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү бере турган эки маанилүү келишимге кол коюлду:
- ААК “Кыргыз Агрохолдинг” менен Түштүк Кореянын “DOD Company” компаниясы ортосунда 12 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициялык келишим. Бул келишим эт багытындагы мал чарбасын өнүктүрүү, логистика жана заманбап агрардык технологияларды киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну карайт.
- ААК “Кыргыз Агрохолдинг” менен “Асыл Тери” ЖЧК ортосунда жалпы суммасы 12 миллион АКШ долларын түзгөн негизги (рамкалык) келишим. Бул келишим айыл чарба жаныбарларынын терисин кайра иштетүү, атап айтканда, суткасына 24 тонна терини кайра иштете турган тери заводун куруу, экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана жаңы жумуш орундарын түзүү багыттарын камтыйт.
“Чүй агроөнөр жай аймагы” Кыргызстандын агрардык секторуна инвестиция тартуу, айыл чарба продукциясынын кошумча наркын көбөйтүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо стратегиясын ишке ашырууда негизги элемент болуп калат»,- деп айтылат маалыматта.