Москва райондук милициясы көп балалуу жана материалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү. Бул туурасында Чүй милициясынан маалымдашты.
Алар 5 үй-бүлөгө 10 миңден көп сомго балдарына окуу-куралдарын алып беришкен. Буга чейин да бир канча жолу колдоо көрсөтүп келишкен.