Венесуэлада үрөй учурган жер титирөө: Каза болгондордун саны 1400дөн аштыЖакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу: АКШ танкерге жасалган чабуулга жооп катары Иранга сокку урдуТаш-Көмүр шаарында «Шахтёр» стадиону реконструкциядан кийин ачылдыБаткенде селден улам жабылган жолдор ачылып, электр жарыгын берүү калыбына келтирилүүдөКара-Балтада жаңы санитардык полигон курулатНоокен районунда жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы имараты ачылды
Айрым курулуш материалдарын импорттоого киргизилген чектөө алынды
03.06.2025 | 16:25
Айрым курулуш товарларын Кыргызстанга ташып кирүүгө киргизилген чектөө жокко чыгарылды. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ага ылайык, Кыргызстандын аймагына ЕАЭБ ТЭИ ТН 6809 11 000 0 коду менен классификациялануучу гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу алып салынды.
Мындай чечим гипс тактайларынын рыногун турукташтыруу максатында кабыл алынган. Токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.
Эске салсак, ушул жылдын 31-мартында жогоруда аталган курулуш материалдарын өлкөгө ташып кирүүгө 6 айга тыюу салынган эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом