Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Чүйдө 3,3 млн сомго форель балыгын алып, алдап кеткен жаран кармалды
23.06.2024 | 15:20
Кемин районунда милиция кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-июнда милицияга жаран арыз менен кайрылып, «Ш.» аттуу жигитке чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучунун айтымында, жигит 17-июнь күнү алдоо жолу менен жалпы суммасы 3 313 440 сомду түзгөн 6 903,8 кг форель балыгын ээлеп алып, изин жашырып кеткен.
Аталган факт Кемин РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү делип 1993-жылы туулган Б.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар