Киши өлтүрүп эл аралык издөөдөгү кыргызстандык Москвадан кармалдыШайлоо. Адылбек Касымалиев республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдүЭмне үчүн Афганистан-Пакистан кагылышуусу чек ара чатагынан олуттууракСадыр Жапаров Реми Дюфлону кабыл алды: Кыргызстан – Европа Биримдиги менен кызматташууну чыңдоого даярОоганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдүБыйыл Кытай менен АКШнын ортосунда соода жүгүртүү 14,4%га азайган
Чүйдө алдамчылыкка шектелип 63 жаштагы жаран кармалды
15.12.2022 | 18:30
Чүйдүн Сокулук районунда ири өлчөмдө алдамчылык жасоого шектелип 63 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-декабрда Сокулук райондук милициясына 65 жаштагы Т.А. аттуу жаран кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл июль айында К.Р. аттуу жаран ишенимине кирип, сарайын 190 миң долларга сатып алууну убадалап, сарайына жашаганы кирген. Бирок сарайдагы мүлктү сатып салган. Келтирилген зыян 1 млн 162 миң сомду түзгөн.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 63 жаштагы К.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз