Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту2026-жылдагы ажылык сапарды “Flyadeal” аткарат — 6060 кыргызстандык зыяратчы учатДональд Трамп Израиль менен ХАМАС тынчтык планына кол коюшканын жарыяладыКыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү сунушталдыУКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалдыСадыр Жапаров Тажикстанга барды
Чүйдө аял кишини өлтүрүүгө шектелген Бердибек Шаршеев изделүүдө
15.03.2024 | 17:46
Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектелген Бердибек Шаршеев изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2-мартта Сокулук районундагы Электромеханик дачасында киши колдуу болгон 49 жаштагы аялдын сөөгү табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Милиция аныктагандай, аял кишини аны менен чогуу жашаган 49 жаштагы Бердибек Шаршеев өлтүрүп, изин жашырып кеткен. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.
Милиция Бердибек Шаршеевди көргөндөр болсо, 0312 363 523, 0500 190 151, 0501 230 290 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.