Чүйдө ишкер аял 30 чет элдиктин паспортун алып коюп, акча төлөбөй иштеткен

Чүйдө ишкер аял 30 чет элдиктин паспортун алып коюп, акча төлөбөй иштеткен

Чүй облусунда кийим тигүүчү ишкананын ээси жана милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Новопавловка айылындагы кийим тигүүчү ишкананын ээси А.Ж. (аял киши) чет элдик жарандарды алдап алып келип, аларга акча төлөбөй, тиешелүү шарттарды түзбөй иштетип келген. Ал турсун тамак-аш да дээрлик берилген эмес. Ал жакта Түштүк Азия өлкөлөрүнүн 30 жараны иштеген.

Аталган аял милциция кызматкери (А.А.) менен сүйлөшүп алып, чет элдиктердин паспортторун алып койгон. Аны менен бирге аларга Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөнү үчүн түрмөгө отурарын айтып, коркутуп келген.

УКМК белгилегендей, кийим тигүүчү ишканадагы чет элдиктер өз эркине каршы кармалып, кул катары иштетилген.

Бул ишке байланыштуу ишкананын ээси (А.Ж.) жана милиция кызматкери (А.А.) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

УКМК чет элдик жарандарды ишке тарткан ишкерлер бардык керектүү документтерди даярдап, мыйзамга ылайык иш алып баруусу зарыл экенин жана тиешелүү жумуш шарттарды түзүшү керектигин эскертет.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>