Кемин районунда мал уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-апрелинде Кемин РИИБге арыз менен Борду айылынын И.Ж. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 15-апрелге караган түнү белгисз жарандар сарайынан бир баш уюн жана бир баш атын уурдап кеткенин айтып, чара көрүүнү суранган. Аталган окуя Кемин РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Кемин РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, Чүй районунун дачаларынын биринин жашоочусу, 1987-жылы туулган А.Т. аттуу жаран бул кылмышка шектүү катары кармалып, ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз