Чүйдүн Маловодное айылында поезд 10 жаштагы баланы сүзүп кетип, ал көз жумду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 8-декабрда болгон. Жеткинчек темир жолдо ойноп жатып, келе жаткан поездди көрбөй калган. Поезд баланы сүзүп кетип, ал көз жумган.
Аталган фат боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.