Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Чүйдө жашы жете элек кызга нике кыйган имам кармалды
16.08.2023 | 16:16
Чүйдүн Васильевка айылында жашы жете элек кызга нике кыйган имам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган айылдын имамы 28 жаштагы жаран менен 2005-жылы туулган жаш жете элек кызга нике кыйганы аныкталган. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция шектүү катары 63 жаштагы жаранды кармап, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Андан кийин шектүүнүн бөгөт чарасы сотто каралып, ал үй камагына чыгарылган. Учурда анын иши сотко жөнөтүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз