Чүйдөгү №27 колонияда жоокер өзүн-өзү атып алды

Чүйдөгү №27 колонияда жоокер өзүн-өзү атып алды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №27 колонияда бир жоокер өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жоокер алган жараатынан улам каза болгон.

«Бүгүн саат 8:30дар чамасында №27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүнө катардагы жоокер А.К.С. куралдан өз алдынча ок чыгарган ”, — деп айтылат маалыматта.

Аскердик прокуратура өзгөчө кырдаалдын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө иш-чараларын баштады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жоокер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>