Чүйдөгү кыргыз-өзбек унаа чогултуучу завод кандай иштеп жатат?

Чүйдөгү кыргыз-өзбек унаа чогултуучу завод кандай иштеп жатат?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Москва районунда жайгашкан “Тулпар моторс” ЖЧКнын автоунаа чогултуучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жеңил унааларды, жүк ташуучу унааларды жана автобустарды чогултуучу заводдон чыгарылган автотранспорттор Кыргызстандын керектөөсүн камсыздайт, өзгөчө автобустар мектеп окуучуларын ташууга багытталаарын Акылбек Жапаров белгиледи, ошондой эле Орто Азия мамлекеттерине экспорттолот.

Белгилей кетсек, ишмердүүлүгү автоунааларды чогултууга багытталган заводдун курулушу 2023-жылдын майында башталган, анын жалпы аянты 4,5 га жер. Жумушчулардын саны 5 жыл аралыгында 1400 адамга жетээри пландалууда. Ал эми, бул долбоорду ишке ашырууга инвестициянын жалпы суммасы эки баскыч менен 110 млн доллар жумшалат. Өнөктөш өлкө — Өзбекстан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>