Чүйдөгү рейдде жаран 1 ок атуучу курал өткөрүп берди – сүрөт

01.08.2022 | 17:02

Чүй районунда жергиликтүү милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 13-26-июль күндөрү “Арсенал” атту ыкчам издөө жана алдын алуу рейди уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин бузууга жол бербөө, ок атуучу куралдарды колдонуу менен кылмыш жасоону болтурбоо, мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды аныктап алуу максатында өткөрүлгөн.

Андан сырткары, мергенчилик ок атуучу куралдары, травматикалык куралдары, ошондой эле сыйлама курак-жарактары бар жарандардын курал-жарак сактаган жайлары  жеринде текшерилип, тактоо иштери жүргүзүлдү. Ок атуучу куралдарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузган жарандарга жалпысынан 7 протокол түзүлдү.

Андан сырткары, милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды өз ыктыярлары менен өткөрүп берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  анын натыйжасында бир жаран 1 ок атуучу куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

[image_carousel source=”media: 146891,146892,146893″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top