Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун сөөгү «Ала Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-июлда «Ала Арча» көрүстөнүндө митинг-реквием уюштурулат. Учурда ага даярдыктар көрүлүп жатат. Чыныбай Турсунбековду акыркы сапарга узатуу үчүн мамлекеттик, коомдук ишмерлердин келиши күтүлүүдө. Депутаттын сөөгү саат 14:00дө жерге берилет.
Саясатчы кечээ, 6-июлда, Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө эки тараптуу пневмониядан көз жумган.
Турсунбеков пневмония менен жабыркап, бир нече күндөн бери өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан.
2015-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматын аркалаган. Парламенттин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган.