Акыркы суткада 425 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 110, Ош – 13, Чүй облусу – 117, Ош облусу – 50, Талас облусу – 8, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 55, Жалал-Абад облусу – 35, Баткен облусу – 29.
Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 67 миң 894 адамга коронавирус жуккан, анын 58 миң 846сы айыкты.
COVID-19 илдетинен каза болгондордун 5 жаңы учуру катталды: Бишкек – 1, Талас облусу – 1, Чүй облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 1, Ош облусу – 1. Жалпы 1 миң 212 адам вирустан көз жумду.