Баткен шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы Хасан Абдуллаев 49 жашында каза болду. Бул тууралуу Баткендеги өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык ал 13-июлда пневмониядан каза тапкан.
Хасан Абдуллаев өмүр бою ички иштер кызматында эмгектенип, өмүрүн өлкөнүн коопсуздугуна арнаган.