Соңку суткада коронавирус 127 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 19
Ош — 8
Чүй облусу – 4
Ош облусу — 38
Талас облусу — 3
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 4
Жалал-Абад облусу – 20
Баткен облусу — 29
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 45757ге жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 101 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 5 медицина кызматкери бар.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 42 005ге жетти.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.