Соңку суткада коронавирус 158 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 22
Ош — 9
Чүй облусу – 12
Ош облусу — 22
Талас облусу — 2
Нарын облусу — 3
Ысык-Көл облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 34
Баткен облусу — 43
Алардын ичинде 7 медициналык кызматкер бар.
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 46090го жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 155 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 2 медицина кызматкери бар.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 42 302ге жетти.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.