Бир күндө коронавирус 55 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Илдет жуктурган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 12
Ош – 1
Чүй облусу – 2
Ош облусу — 5
Талас облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 9
Жалал-Абад облусу – 11
Баткен облусу — 13
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44458ге жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 134 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 3 медицина кызматкери бар.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 39 960ка жетти.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.