Бир күндө коронавирус 77 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Илдет жуктурган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 17
Ош – 3
Чүй облусу – 5
Ош облусу — 9
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу – 9
Жалал-Абад облусу – 13
Баткен облусу — 19
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44761ге жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 144 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 3 медицина кызматкери бар.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 40 631ге жетти.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.