Бир күндө коронавирус 99 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Илдет жуктурган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 17
Ош – 2
Чүй облусу – 3
Ош облусу — 11
Талас облусу — 6
Нарын облусу – 4
Ысык-Көл облусу – 16
Жалал-Абад облусу – 20
Баткен облусу — 20
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44135ке жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 279 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 1 медицина кызматкери бар.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 39 174кө жетти.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.