Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккандан кийин эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Нурболот Үсөнбаев 5-июнда маалымат берип, алардын аты-жөнүн атаган жок.
Маалыматка караганда каза болгондордун бири 82 жаштагы аял, Бишкек шаарынын тургуну болгон. Ага кызы аркылуу жуккан.
Каза болгон экинчи бейтап – 34 жаштагы аял киши, Ош шаарында дарыланып жаткан.
Жалпы каза болгондордун саны 22 кишини түздү.