Акыркы бир сутка ичинде коронавирус дагы үч кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдан кабарлашты.
Каза болгондордун экөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда дарыланып жаткан.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 1199 адам коронавирус илдетинин курмандыгы болду.