Алардын теңинен көбү Кытай, Сауд Арабиясы, Египет, Вьетнам жана Сириядагы түрмөлөрдө отурушат.
2020-жылы 50дөн ашуун журналист дайынсыз жоголгон же Сирияда, Иракта жана Йеменде туткунда.
Өткөн жылга салыштырмалуу түрмөгө камалган аял-журналисттердин саны 35 пайызга – 31ден 42ге чейин көбөйгөн.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун журналисттерди кыйноого байланыштуу баяндамасы 1995-жылдан бери жарыяланып келет.