Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы жумушсуз жарандарга жөлөк пул төлөп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы жумушсуз жарандарга жөлөк пул төлөп берет

Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри жумушсуз жарандарга төлөнүүчү жөлөк пулдун көлөмүн 330 сомдон 900 сомго чейин убактылуу жогорулатат. Бул тууралуу «Акчабар» финансылык порталы жазды.

Жөлөк пул 2020-жылдын 1-ноябрынан тарта 2021-жылдын 31-апрелине чейинки мөөнөттө берилип турат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Министрликтен белгилешкендей, бул пандемиянын кесепетинен улам кабыл алынган. Жөлөк пул Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. Министрликтин эсептеп чыкканына ылайык, 38.5 миң адамга 250 млн сом керектелет. Кыргызстанда 38 миң жаран жумушсуз катары официалдуу каттоодон өткөн.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору жумушсуздук боюнча жөлөк пулду берүүнү убактылуу жөнөкөйлөтүүнү дагы карайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>