Дагы эки жеке медициналык клиникага жарандардан ПЧР тест алууга улуксаат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Каратаевдин маалыматына ылайык, Auqalab жана Экспресс клиникалары коронавируска тест ала баштайт. Тесттин баасы 1600 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда коронавирус 439 адамдан аныкталды. Буга чейинки катталгандардын эң жогорку көрсөткүчү болду.