Ташкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койдуМурдагы депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча кармалдыБишкек шаардык кеңеши борбордогу 20га жакын көчөнүн атын өзгөртүүнү жактырды: тизме жана чоо-жайы«Cool Bros» компаниясынын көйгөйү чечилди. Ишке президент кийлигиштиАлыскы Зардалы айылына кичи футбол аянтчасы курулуудаБаткен жана Фергана облустары соода-экономикалык, илимий-техникалык тармактарда кызматташат
Дайынсыз болуп жаткан Сабира Бейшеналиеванын жансыз денеси табылды
21.09.2024 | 16:23
Буга чейин дайынсыз болуп жаткан 73 жаштагы Сабира Бейшеналиеванын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 21-сентябрда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Аял 14-сентябрда дайынсыз жоголгон. Ал Дорожная көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Эртең мененки саат 10дор чамасында милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин издөөчү итинин жардамы менен анын жансыз денесин Пригородное айылынан таап, соттук-медициналык экспертизага өткөрүп беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар