Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев кызматтан алынды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 10-октябрда кол койгон.