Данияр Амангелдиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту

24.09.2025 | 12:31

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
 
Жолугушууда тараптар өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, туруктуу өнүгүү максаттарынын ишке ашырылышын, ошондой эле экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен демилгелерди талкуулашкан.
 
Данияр Амангелдиев өлкөнүн экономикасы тездетилген өсүштү көрсөтүп жатканын белгилеген. Анын айтымында, акыркы үч жылда ИДП өсүү темпи орточо эсеп менен 9%ды, 2025-жылдын 8 айында 11%ды түзгөн. Ал эми 2030-жылга карата ИДП көлөмүн 30 млрд доллардан кем эмес деңгээлге жеткирүү пландаштырылууда. 

Антье Граве кыргыз тарапты Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, Кыргызстандын өкмөтүнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча аракеттерин колдой турганын билдирген. Ошондой эле БУУнун системасы социалдык коргоо, гендердик теңчилик, айлана-чөйрөнү коргоо жана башка негизги багыттар боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.

Scroll to Top