Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова 10 миң метр аралыкка чуркоо мелдешинде алтын медал тагынды.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, жарыш 29-август күнү Минск шаарында өтүп, ага 9 спортчу катышты.
Дарья Маслова 10 миң метр аралыкты 32 минут 21 секундда чуркап өткөн.
Белгилей кетсек, Маслова ушул жылдын июль айында Беларус кубогунда жеңүүчү аталган.