Кыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейт

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушуп, медицина тармагындагы стратегиялык кызматташтыкты бекемдөө жана кыргызстандык бейтаптарды Түркияда дарылатуу маселелерин талкуулады.
Жолугушуунун негизги жыйынтыктарынын бири — кыргызстандык жарандарды Түркиянын алдыңкы клиникаларында акысыз дарыланууга жөнөтүү иштерин активдештирүү болду. Жыл сайын бул үчүн 150 акысыз квота берилет. Алардын ичинен 100 квота түрк элчилиги аркылуу, ал эми 50 квота Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу берилет.
Жолугушууда медициналык адистердин квалификациясын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Түркия тарап кыргызстандык дарыгерлерди түрк клиникаларында 3 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө стажировкага кабыл алууга даяр экенин ырастады. Бул программага трансплантологдор менен катар онкология, кардиохирургия жана башка татаал багыттардагы адистер тартылат.
Министр Каныбек Досмамбетов учурда Кыргызстанда президенттин тапшырмасы менен медициналык инфраструктураны модернизациялоо, анын ичинде ири “Медициналык шаарча” куруу долбоору жүрүп жатканын белгиледи. Бул багытта Түркиянын көп профилдүү ооруканаларынын башкаруу моделин жана технологияларын изилдөө кыргыз тарап үчүн артыкчылыктуу экени айтылды.
Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем өз кезегинде түрк тарап саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен долбоорлорду мындан ары да колдоого жана технологиялык көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Мындан тышкары жолугушууда Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды кеңейтүү жана фармацевтикалык өндүрүштү биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.