Дастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү
Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Дастан Бекешев эгиндердин тебеленишине каршы багытталган мыйзам долбоорун тааныштырды.
Анын айтымында, дыйкандар күзгү эгиндерди сепкенден кийин айрымдар малын атайылап талааларга коё берген учурлар менен көп кездешет.
«Талаа айдагандар көп учурда түшүм ала албай калышат, анткени мал ээлери малын атайылап коё берип, кароосуз калтырышат. Мал башкалардын эгиндерин жеп, аны багуунун кереги жок болуп калат. Азыр бул үчүн аз гана айып пул каралган. Мен айып пулду 30 миң сомго чейин көбөйтүүнү гана эмес, малды алып коюуну да сунуштайм. Мисалы, эгер мал идентификацияланбаса жана ээси табылбаса, анда 7 суткадан кийин аны сатууга коюуга болот. Ошентип, талаа ээлери чыгымдарын жаба алышат», — деди депутат.
Мында малды алып коюу иштерин айыл өкмөтү жүргүзөт, бул талаа ээлери менен мал ээлеринин ортосундагы чыр-чатактарды болтурбоо үчүн каралууда.
Депутат Нилуфар Алимжанова бул чараны туура эмес деп эсептейт. Анын пикиринде, жоопкерчилик эки тарапка тең жүктөлүшү керек. Ал тең салмактуулукту сактап, бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу зарылдыгын белгиледи.
«Кантип эле? Мен сиздин үйүңүзгө барып унаамды токтотуп коюп, мага башка жер жок деп, мени да урматташыңар керек деп айта албайм да, туурабы?» — деп өз позициясын жөнөкөй мисал менен түшүндүрдү Дастан Бекешев.