Бишкек шаарындагы башаламан курулуштар менен шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Дастан Бекешев, орун басары болуп Жаныбек Абиров дайындалды. Бул боюнча аталган комиссиянын төрагасы Бекешев өзүнүн Телеграм каналына билдирди.
Анын айтымында, аталган депутаттык комиссия биринчи отурумун өткөрдү.
Буга чейин ар бир фракциядан жана Бишкек шаарынан шайланып келген 4 депутат комиссияга мүчө болгон. Башкалаадагы башаламан турак-жайларды карашат.