30-март: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болотӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылат
Денис Петрашов АКШда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль жеңди
09.03.2026 | 10:54

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов TYR Pro Swim Series 2026 эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Мелдеш 4–7-март күндөрү АКШнын Вестмонт шаарында өттү.
Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматында, Петрашов 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча жарышка катышкан. Ал финалдык этапта 59.70 секунддук жыйынтык көрсөтүп, биринчи орунду ээлеген.
Экинчи орунду америкалык Жош Матени (59.78 секунд), үчүнчү орунду АКШнын дагы бир өкүлү Жек Келли (59.90 секунд) камсыз кылган.
TYR Pro Swim Series профессионал суучулдар арасындагы эл аралык мелдештердин сериясына кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт