Денис Петрашов АКШдагы турнирде дагы бир алтын медаль утту

03.05.2025 | 09:58

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов АКШда өткөн сууда сүзүү боюнча эл аралык турнирде дагы алтын медалга ээ болду. Бул күндөрү Форт-Лодердейлде (Флорида, АКШ) TYR Pro Swim Series сериясынын кийинки этабы өтүүдө.

2-майда Денис Петрашовдун катышуусунда 50 метрге брасс стилинде финалдык сүзүү болду. Кыргызстандык спортчу 26,94 секунд көрсөткүч менен биринчи болуп, алтын медаль тагынды. 3-майда кыргызстандык суучул 200 метрге брасс стилинде сүзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top