Депутат 8-мартта иштеп, Курман айтка карата үч күн эс алууну сунуштады

Депутат 8-мартта иштеп, Курман айтка карата үч күн эс алууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев 8-мартта иштеп, Курман айтка карата үч күн эс алууну сунуштады.

Бүгүн, 3-июнда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында жаңы Эмгек кодекси боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча эмгек министринин орун басары Жыпариса Рысбекова баяндама жасап, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча айтып берди.

Сунушка ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8 ноябрды майрам күнү катары калтырып, бирок иш күнү кылуу каралган. 8-март, 21-март, 5-май, 9-май менен 31-август, Орозо айт, Курман айт жана Рождество жумушчу эмес майрам күндөрү бойдон калат.

Жарандар үчүн 1нен 6-январга чейин жаңы жылдык каникулдар жана 1нен 9-майга чейин май каникулдары болот.

Рысбекованын баяндамасынан кийин депутат Жалолидин Нурбаев 8-мартты майрам катары калтырып, бирок жумуш күнү кылуу сунушун айтты. Аны менен бирге Курман айтка карата үч күн эс алууну сунуштады.

Министрдин орун басары аталган сунушту карап көрө тургандарын билдирди.

Талкуудан кийин мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>