Депутат Бекешев: Убактылуу камак жайларын жөнү жок толтуруп, ашыкча каражат берүүнүн зарылдыгы жок

Депутат Бекешев: Убактылуу камак жайларын жөнү жок толтуруп, ашыкча каражат берүүнүн зарылдыгы жок

Укук коргоо органдары экономикалык кылмыш козгоо жүрүмүндө компания башчыларын камакка алып, андан кийин акты түзүп калышты. Көрсө, антикоррупциялык эсепти толтуруш керек экен. Албетте, алар камакта отургусу келбегендиктен, андай актыга кол коюп беришет. Мына ошентип, сот-поту жок эле, антикоррупциялык эсеп толукталып жатпайбы. Бизде ушундай жосунсуз жорук көнүмүшкө айланып калды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Укуктук мамлекетте мындай жосундар орун албашы шарт. Экономикалык кылмышына шектелген адамдарды дароо эле камакка албай, аларды күрөө алуу же эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкат алуу жолу менен койо бериш керек. Убактылуу камак жайларын кармоого жылына 100 млн сом жумшалса, ал эми УКМКнын убактылуу камак жайына 200 млн сом жумшалат. Демек, убактылуу камак жайларын жөнү жок эле толтуруп алып, ашыкча каражат берүүнүн эч кандай деле зарылдыгы жок», — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>