Депутат МИКтин батирлеринин баасына нааразы болду
24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) куруп жаткан турак жайдын баасына байланыштуу кызуу талкуу болду. Депутат Гуля Кожокулова компанияга мамлекет тарабынан олуттуу жеңилдиктер, анын ичинде жер тилкелери акысыз берилгенине карабастан, мамлекеттик программа менен сатылып жаткан батирлердин баасы рыноктук бааларга дээрлик теңелип калганына нааразычылыгын билдирди.
Эл өкүлү бааны түзүүдөгү көзөмөл механизмдери тууралуу маселе көтөрүп, курулуп жаткан объекттердин айланасында зарыл болгон социалдык инфратүзүмдүн жоктугун белгиледи. Ошондой эле ал курулуштун басымын күч келген борбордон аймактарга жылдырууга чакырды.
Сынга жооп катары МИКтин өкүлү баанын жогорулатылганы тууралуу айтылгандарды төгүндөп, мамлекеттик ипотека аркылуу берилген турак жай жарандарга рыноктук сунуштарга караганда дээрлик эки эсе арзан түшөрүн билдирди.
Анын айтымында, үлүштүк курулуштун алкагында айрым райондордо чарчы метринин баасы болжол менен 1000 долларды түзөт, ал эми жеке курулушчулар ичи жасалбаган (под самоотделку) варианттарды 2000 доллардан сунуштап жатышат.
Ал ошондой эле курулуштун масштабдуу темпи тууралуу маалымдады: учурда жалпы аянты 5,5 миллион чарчы метрди түзгөн 80 миңден ашык батир курулуп жатат. Мында бул көлөмдүн 70%дан ашыгы аймактарга туура келет, бул Бишкектеги жүктү азайтууга шарт түзөт. Компаниядан ошондой эле турак жай комплекстерин долбоорлоодо социалдык объекттерди куруу маселелери эске алынарын ишендиришти.